Бул китепти дыкаттык менен окуган адам Исламга эң көп душмандык кылгандардын Британия Империясы экендигин түшүнүп, азыр бардык дүйнөдөгү мусулмандарга чабуул кылып жаткан ваххибиликти тарыхта ошолор кургандыгын жана колдоп келгендигин жакшылап билип алат. Билими, акылы, ар-намысы бар Британдыктар дагы Британ Империясынын ушул душмандыгынан жийиркенет. Ар мусулман мамлекеттеринде пайда болгон мазхабсыздардын ваххабиликти таратып жүргөндөрүн угуп жүрөбүз. Жада калса, ушул “Хемфердин моюндоолору” китебин дагы кыялданып отуруп бирөөнүн жаза салганын айтып жүргөндөр да кездешет. Бирок, колдорунда бул сөздөрдүн тастыктай турчу эч кандай далилдери жок.