Бул китеп сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын ыйык өмүр жолун баяндайт. Китепти көңүл коюп окугандардын жүрөктөрүндө Аллаху тааланын Элчисине карата таңдануу менен сыймык сезими орун алып, ааламдын Мырзасына деген сүйүүсү көбөйүп, анын адамзатка үлгү болгон жашоосунан таалим алаары айкын. Бул китеп улуу-кичүү бардык окурмандардын кызыгып окуй турчу тарыхтын алтын доорлорунан кабар берет. Ал бир гана мусулман окурмандарга эмес башка да дин, ишеним өкүлдөрү менен диндин тарыхын изилдегендерге да Мухаммед алейхиссаламдын өмүр жолун, пайгамбардык касиеттерин билүүдө баалуу маалымат булагы боло алат. Руханий дүйнөбүздүн өркүндөөсүнө чоң салымын кошо турчу бул китеп үйүңүздүн кубанычына айланмакчы.